Синабунг вулканы күл жана түтүн бүркүп жатат

Бир жуманын ичинде болжол менен 15 атылуу болгон жанар тоо акыркы күндөрү активдешти.

1635849
Синабунг вулканы күл жана түтүн бүркүп жатат

Индонезиянын Түндүк Суматра аймагында жайгашкан Синабунг вулканы 3 чакырым бийиктикке түтүн менен күл бүркүдү.

Бир жуманын ичинде болжол менен 15 атылуу болгон жанар тоо акыркы күндөрү активдешти.

Вулканга байкоо жүргүзгөн топтун өкүлү Армен Путра жарылуунун кесепетинен адам өмүрү кыйылбагандыгын билдирип, жакын жерде жашаган айыл тургундарын тоодон 5 чакырым алыстыкта ​​болууга жана лава коркунучуна даяр болууга чакырды.

Орто эсеп менен 400 жылдан кийин 2010-жылы кайрадан жанданган Синабунг вулканында 2014 жана 2016-жылдардагы жарылуулардан 23 каза болгон.



Тектеш кабарлар