Нитраттарга бай жашылчалардын пайдасы

Окумуштуулар, нитраттарга бай жашылчаларды үзгүлтүксүз колдонуунун кан басымына тийгизген таасирин изилдешти.

1635622
Нитраттарга бай жашылчалардын пайдасы

Нитраттарга бай жашылчаларды күнүнө бир порция колдонуу жүрөк оорусунун коркунучун азайтары аныкталды.

Австралиядагы Эдит Коуан университетинин окумуштуулары, нитраттарга бай жашылчаларды үзгүлтүксүз колдонуунун кан басымына тийгизген таасирин изилдешти.

Изилдөөчүлөр нитраттарга бай жашылчаларды колдонуунун жүрөк ооруларынын коркунучун 12-26 пайызга чейин төмөндөтө тургандыгын аныкташты.

Изилдөөнүн алкагында 23 жыл бою "Даниянын диета, рак жана саламаттык сактоо изилдөөсүнө" катышкан 50 миңден ашуун адамдын көрсөткүчтөрү иликтенди.

Изилдөө тобунан Кэтрин Бондонно, нитраттарга бай жашылчаларды үзгүлтүксүз колдонуунун перифериялык артерия, инфаркт, инсульт жана жүрөк жетишсиздиги сыяктуу ооруларга чалдыгуу коркунучун төмөндөткөнүн аныктагандарын айтты.

Кан басымын жөнгө салуучу нитрат шпинат, кызылча, капуста, брокколи, латук жана укроп сыяктуу жашылчаларда болот.



Тектеш кабарлар