Байден: «Июнь айында Путин менен жолуга алабыз деп ишенем»

Байден Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1636278
Байден: «Июнь айында Путин менен жолуга алабыз деп ишенем»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байден Россиянын президенти Владимир Путин менен июнь айында Европага иш сапарынын алкагында жолугушаарына ишенээрин, бирок азырынча жери жана убактысы тактала электигин айтты.

Байден Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Байден Россиянын Украинанын чек арасындагы аскердик курамын эске салып, «Бул кырдаал менин Путин менен жолугушуу өтүнүчүмө таасирин тийгизбейт. Өзүңүздөр билгендей, Орусия айрым аскерлерин чыгарып кете баштады. Учурда аймакта аскерлер бар, бирок алар бир ай мурдагысынан аз»,-деп айтты.

Июнь айында Лондонго (Англиянын борбору) жана Брюсселге (Бельгиянын борбору) барганда Путин менен жеке жолугушуу өткөрө аласызбы деп суралганда Байден: «Жолуга алабыз деп ишенем. Бирок жолугушуунун орду жана убактысы азырынча так эмес. Бул маселе боюнча иш жүрүп жатат»,-деп жооп берди.

Иран (Австриянын борбору) Венадагы өзөктүк сүйлөшүүлөргө олуттуу карайт деп эсептейсизби деген суроого Байден: «Ооба, мен буга ишенем, бирок Иран канчалык олуттуу жана ал эмне кылууга даяр экендиги башка окуя. Биздин сүйлөшүүлөр уланып жатат»,-деп баасын берди.



Тектеш кабарлар