Россия Sputnik Light вакцинасын каттады

Бул вакцинанын коронавируска каршы 79,4 пайыз натыйжалуу экени билдирилди.

1635495
Россия Sputnik Light вакцинасын каттады

Россия өлкөдө коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан бир дозалуу Sputnik Light вакцинасын каттоого алды.

Россиянын Түз инвестициялар фонду (RDIF) вакцинанын каттоодон өткөнү жөнүндө жарлыкты жарыялады.

Гамалея институту тарабынан иштелип чыккан жана "жеңилдетилген вакцина" деп аталган Sputnik Lightтын коронавируска каршы 79,4 пайыз натыйжалуу экени билдирилди.

Россия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Гана жана берки өлкөлөрдө 7 миң кишинин катышуусунда вакцинага байланыштуу бир фазалык 3 клиникалык сыноо жүргүзүлүп, анын болжолдуу жыйынтыктарынын ушул айдын аягында алынарынын күтүлүп жаткандыгы белгиленди.

Бир дозалуу вакцина коомдук иммунитетке тезирээк жардам берет деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар