Пресс-конференцияда THY сюрпризи

Оливер Вархелий борбор шаар Тиранада Европа Биримдиги тарабынан Албанияга жөнөтүлгөн вакциналарды тапшырып берүү аземинде премьер-министр Эди Рама менен биргеликте маалымат жыйынын өткөрдү.

1635007
Пресс-конференцияда THY сюрпризи

Европа Биримдигинин (ЕБ) кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархелий менен Албаниянын премьер-министри Эди Раманын пресс-конференциясы учурунда экөөнүн артынан өткөн Түрк аба жолдорунун (THY) учагы кызыктуу көрүнүштөрдү жаратты.

Оливер Вархелий борбор шаар Тиранада Европа Биримдиги тарабынан Албанияга жөнөтүлгөн вакциналарды тапшырып берүү аземинде премьер-министр Эди Рама менен биргеликте маалымат жыйынын өткөрдү.

Экөөнүн биргелешкен пресс-конференциясы учурунда Түрк аба жолдорунун жүргүнчү учагы учуп-конуу тилкесинде жыла баштады. Эки лидер THY атын кайталап, жылмайып карашты. Телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөн көрүнүштөр кыска убакыттын ичинде социалдык тармактарда көп жолу бөлүшүлүп, "Түркиянын Балкан өлкөлөрүнө карата тышкы саясатын мындан мыкты көрсөтүү мүмкүн эмес" деген пикирлер айтылды.



Тектеш кабарлар