АКШ Ооганстандан чыгып кетүү 2-6 пайызга аткарылганын жарыялады
АКШ президенти Жо Байдендин 11-сентябрдагы кол салуунун жылдыгына чейин Ооганстандан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечиминен кийин чыгып кетүү иш-чаралары өткөн жумада башталды.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук күчтөрүнүн (CENTCOM) командирлиги Ооганстандан чыгуунун 2-6 пайызга аткарылганын жарыялады.
АКШ президенти Жо Байдендин 11-сентябрдагы кол салуунун жылдыгына чейин Ооганстандан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечиминен кийин чыгып кетүү иш-чаралары өткөн жумада башталды.
CENTCOMдун билдирүүсүндө, Президенттин чечиминен бери АКШ Ооганстандан болжол менен 60 С-17 учак жүгүндөй материалдарын алып кетти деп айтылган.
АКШ Ооганстандагы «Жаңы Атонтик» аскердик мекемесин Афганистандын Улуттук армиясына өткөрүп бергени боюнча, «Борбордук күчтөрдүн командирлиги аскерлерди чыгаруу 2-6 пайызга аяктады деп эсептейт»,деген маалымат бөлүшүлдү.
Билдирүүдө, Командирлик апталық түрдө болжолдуу чыгып кетүүлөр жөнүндө түшүндүрмө берет деп белгиленди.
АКШнын бийлиги 2020-жылдын 29-февралында Талибан менен келишим түзүп, 2021-жылдын 1-майында Ооганстандан чыгып кетүү боюнча макулдашкан.
Бирок, президент Жо Байдендин администрациясы 1-майдан 11-сентябрга чейин чыгып кетерин жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.