Ооганстанда мектептин жанында жарылуу болду

Фарах провинциясынын саламаттык сактоо директору Абдул Жаббар Шахик жаракат алгандардын кеминде 10у мектептин окуучулары экендигин айтты.

1633282
Ооганстанда мектептин жанында жарылуу болду

Ооганстандын Фарах провинциясындагы мектептин жанындагы жарылуудан 21 адам жаракат алды.

Фарах провинциясынын саламаттык сактоо директору Абдул Жаббар Шахик жаракат алгандардын кеминде 10у мектептин окуучулары экендигин, жаракат алгандардын үчөөнүн абалы оор экендигин айтты.

Фарах провинциясынын Кеңешинин башчысы Дадулла Кани билдиргендей, Талибан террористтери Фарахтын Балабулук районундагы аскер бекетине куралдуу жана бомба менен кол салган.

Кол салуудан кийинки кагылышуудан эки тарап тең жоготууларга учураганын белгилеген Кани, айрым аскерлердин террористтерге колго түшкөнүн баса белгиледи.

Азырынча Талибан тараптан эч кандай билдирүү жасала элек.



Тектеш кабарлар