Израилде алгач ирет Ковид-19дун Бразилия жана Чили варианттары аныкталды
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.
Израилде Ковид-19дун Бразилия жана Чили варианттары биринчи жолу аныкталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ковид-19 вакцинасын алган жана чет өлкөдөн кайтып келген 3 израилдиктин экөөндө Бразилия жана башка бирөөндө Чили варианты аныкталгандыгы белгиленди.
Мындан тышкары, өлкөдө бардыгы Израилдин жараны болбогон 19 адамда Индияда пайда болгон Ковид-19 вариантына туш болгону айтылды.
Ушул учурлар менен бирге Израилде аныкталган Koвид-19дун Индия варианттарынын саны 60ка чейин көбөйгөнү белгиленди.
Израилде өткөн жумада эмделген 4 адам дагы арасында болгон 41 кишиден Ковид-19дун Индияда пайда болгон түрү табылган.
Калкына салыштырмалуу дүйнөдө эң көп вакцина алган өлкө болгон Израилде акыркы жумаларда Ковид-19 вирусун жуктурган учурлар күнүнө 200 адамдан төмөндөгөн.