Израиль полициясы 10 палестиналыкты жаралады

Палестина Кызыл Жарым Ай Коому берген маалыматка ылайык, оккупациялык күчтөр менен болгон кагылышууда Палестинанын 10 жараны жаракат алып, алардын үчөө ооруканага жаткырылды.

1633564
Израиль полициясы  10 палестиналыкты жаралады

Израил полициясы Иерусалимдеги Шейх Жеррах кварталында 10 палестиналыкты жарадар кылды.

Палестина Кызыл Жарым Ай Коому берген маалыматка ылайык, оккупациялык күчтөр менен болгон кагылышууда Палестинанын 10 жараны жаракат алып, алардын үчөө ооруканага жаткырылды.

Күбөлөрдүн айтымында, Израиль аскерлери Шейх Жеррах кварталындагы палестиналыктардын үйлөрүнө булганган сууларды чачып, ал эми мыйзамсыз көчүп келгендер да кварталдын тургундарына кол салышкан.

Израиль полициясынын Шейх Жеррах тургундары менен тилектештикте болгон палестиналыктардан бир канчасын камоого алгандыгын айткан күбөлөр камоого алынгандардын саны тууралуу маалымат бере алышпады.

 



Тектеш кабарлар