Байден АКШнын жылдык качкындарды кабыл алуу квотасын жогорулатты

Байден Трамп доорунда өлкө тарыхындагы эң төмөнкү деңгээлге түшүрүлгөн качкындарды кабыл алуу квотасына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1633360
Байден АКШнын жылдык качкындарды кабыл алуу квотасын жогорулатты

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байден мурунку Президент Дональд Трамптын администрациясы тарабынан 2021-финансылык жылга белгиленген 15,000 качкындарды кабыл алуу квотасын 62 500 чейин көбөйттү.

Байден Трамп доорунда өлкө тарыхындагы эң төмөнкү деңгээлге түшүрүлгөн качкындарды кабыл алуу квотасына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2021-финансылык жылга качкындарды кабыл алуу квотасын 62 500гө чейин көбөйткөнүн белгилеген Байден: «Тарыхта эң төмөн болгон 15 миң квота Американын качкындарды эл катары кабыл алып, колдогонун чагылдырган жок»,-деп баасын берди.

Жо Байден айрыкча 2022-финансылык жылга квотаны 125000ге жеткирүүнү максат кылып жатышкандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар