Афганистанда сел жүрдү

Селде 14 адам каза болду.

1633740
Афганистанда сел жүрдү

Афганистандын батышындагы Герат провинциясында  сел жүрүп,  14 адам каза болду.

Герат губернаторлугунун катчысы Жейлани Фархад, Адраскен районунда катуу жааган жамгырдын селдин жүрүшүнө себеп болгонун айтты.

Селдин айынан 14 адамдын каза болгондугун  айткан Фархад, көптөгөн жаныбарлардын да кырылганын белгиледи.

Фархад Гераттын Уба районунда селдин болгонун, азырынча өлүм  - житимдин болуп же болбогондугу белгисиз деп билдирди.

Көптөгөн үйлөрдүн суу астында калгандыгын билдирген Фархад, издөө жана куткаруу иштеринин уланып жаткандыгын билдирди.

 



Тектеш кабарлар