Түштүк Африка Pfizer вакциналарынын биринчи бөлүгүн алды

Өлкө июнь айынын аягына чейин 4,5 миллион доза Pfizer вакцинасын алат.

1632882
Түштүк Африка Pfizer вакциналарынын биринчи бөлүгүн алды

Түштүк Африка Республикасы  Ковид-19га каршы Германияда   иштелип чыккан Pfizer вакциналарынын биринчи бөлүгүн алды.

Саламаттыкты сактоо министри Цвели Мхизе ОП Тамбо аэропортунда жүк ташуучу учактардан түшүрүлгөн вакциналардын сүрөтүн өзүнүн твиттер баракчасында бөлүштү.

Өлкө июнь айынын аягына чейин 4,5 миллион доза Pfizer вакцинасын алат.

Түштүк Африка Британдык AstraZeneca вакциналарын мутацияга каршы натыйжалуу эмес деген негизде колдонууну токтотуп, америкалык Johnson & Johnson вакциналарын колдоно баштаган.



Тектеш кабарлар