Ооганстанда Зияйи бомбалуу кол салуудан каза тапты

Бул тууралуу Тахар провинциясынын полиция бөлүмүнүн өкүлү Халил Эсир маалымат берди.

1632697
Ооганстанда Зияйи бомбалуу кол салуудан каза тапты

Ооганстандын түндүк-чыгыш тарабындагы абройлуу командирлердин бири жана Жүмбүш партиясынын төрагасынын орун басары Пирим Кул Зияйи бомбалуу кол салуудан каза тапты.

Тахар провинциясынын полиция бөлүмүнүн өкүлү Халил Эсир, Жүмбүш партиясынын төрагасынын орун басары Пирим Кул Зияйи Тахардын Рустак районундагы Гирдаб айылындагы бомбалуу кол салуудан каза болгонун билдирди.

Каралып жаткан айылда Зияйинин Талибанга каршы операция жүргүзгөндүгүн айткан Эсир, кол салуунун кандайча жасалганы азырынча белгисиз экендигин айтты.

Эсир айрыкча кол салууда Зияйинин эки жан сакчысы дагы жаракат алгандыгын белгиледи.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.



Тектеш кабарлар