Мьянмадагы митингдер

Митингде каза болгондордун саны 765ке жетти.

1632832
Мьянмадагы митингдер

Мьянмадагы аскердик төңкөрүш оппоненттеринин нааразычылык акциясына коопсуздук күчтөрү кийлигишип,  каза болгондордун саны 765ке жетти.

Өлкөдө акыркы 24 саатта Хпакант, Велте, Мандалай жана Хсипав шаарларындагы митингдерде дагы 6 адам каза болду.

Жалпы каза болгондордун саны 756га жогорулап, 3 555 адам камоого алынып, 1369 адам тууралуу камоо чечими чыгарылды.

Бир тараптан төңкөрүшкө каршы этникалык куралдуу топтордун бири болгон Карен Улуттук Биримдиги КНУнун лидери Бав Кяв Хе 1-февралдагы төңкөрүштөн кийин жалпы өлкө боюнча башталган каршылыктын этникалык топтор үчүн чоң мүмкүнчүлүк экендигин белгилеп : «Бул мүмкүнчүлүктү мыкты колдонуп, аскердик диктаторлукка каршы турушубуз керек»,- деди.

Карен Улуттук Биримдигинин лидери Хе аскердик башкаруудан кутулуу үчүн башка этникалык куралдуу топторду биргеликте кыймыл кылууга чакырды.



Тектеш кабарлар