Европа Биримдиги орус элчини сүйлөшүүгө чакырды

Сүйлөшүүдө орус элчиге Москва бийлиги жарыялаган кара тизменин четке кагылгандыгы билдирилди.

1633171
Европа Биримдиги орус элчини сүйлөшүүгө чакырды

 Россиянын Европа Биримдигинин негизиндеги элчиси Владимир Чизов Москванын Европа Биримдигинин 8 кызматкерин кара тизмеге алуусу боюнча сүйлөшүүгө чакырылды.

Сүйлөшүүдө орус элчиге Москва бийлиги жарыялаган кара тизменин четке кагылгандыгы билдирилди. Россиянын чечими катуу түрдө айыпталды.

Европа Биримдиги  орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын камакка алынышына байланыштуу айрым санкциялык чечимдерди кабыл алгандан кийин, Москва бийлиги Европа Биримдигинин  8 кызматкерин кара тизмеге киргизди.

Сөз болуп жаткан кишилердин арасында Европа парламентинин төрагасы Дэвид Сассоли жана Комиссиянын төрага орун басары  Вера Журова дагы бар.



Тектеш кабарлар