Франциянын түштүгүндө көчкү түштү
Көчкүдө үч адам каза болду.
1633067
Франциянын түштүгүндө 3169 метр бийиктикте кар көчкү жүрүп, үч адам каза болду.
Эртең менен Франциянын түштүгүндөгү Хотес-Альп аймагындагы Вильяр-д’Арене айылына жакын жерде 3169 метр бийиктиктен кар көчкү түштү.
Кар көчкү түшкөн жерге жакын жайгашкан Adele Planchard күзөт кызматы жандармерия менен байланышты.
Брайанчондон аймакка барган жандармериянын издөө-куткаруу тобу көчкү астында калган 3 адамдын ссөгүн тапты.
Франциянын Метеорология башкармалыгы өлкөнүн түштүк-чыгышындагы 6 аймакта кар көчкү түшүү коркунучу жөнүндө сары эскертүү жарыялады.