АКШда кеме оодарылды
Кырсыкта эки киши каза болду.
1632852
Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатында кеменин оодарылып эки киши каза болду.
Сан-Диего шаарынын Пойнт-Лома шаарчасында болгон кырсыкта АКШнын жээк күзөт кемелеринин жардамга баргандыгы билдирилди.
Мыйзамсыз иммигранттарды алып баратканы болжолдонгон кемедеги эки киши каза болуп, куткарылган 23 киши жакынкы ооруканаларга жеткирилди.
Аймакта издөө-куткаруу иштери улантылып, кырсык боюнча тергөө иштери башталды.