Зариф Сулейманини сындаган сөздөрү үчүн кечирим сурады

Зариф өзүнүн Instagram баракчасынан бул тууралуу билдирүү жасады.

1632330
Зариф Сулейманини сындаган сөздөрү үчүн кечирим сурады

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф өзүнүн жашыруун маегинде, өлкөнүн саясатында чоң реакцияны жараткан Кудс күчтөрүнүн мурдагы командири Касем Сулейманини сындаган сөздөрү үчүн кечирим сурады.

Зариф өзүнүн Instagram баракчасынан бул тууралуу билдирүү жасады.

Иран саясатындагы реакцияларды топтогон сөздөрүнүн кээ бир топтор тарабынан саясий курал катары колдонулгандыгын айткан Зариф, анын билдирүүлөрү Сулейманини жана анын үй-бүлөсүн сүйгөндөргө зыян келтиргенин белгиледи.

Зариф төмөнкү сөздөрдү колдонгон: «Мени айыптап жаткандардын жана мени каралап жатышат деп эсептегендердин баарын кечирем. Улуу Иран эли, бардык Сулейманини сүйгөндөр жана айрыкча анын бийик үй-бүлөсү мени кечирет деп ишенем».

Маектин жарыяланарын билбегендигин айткан Зариф, аны билгенде Сулеймани жөнүндө эч кандай сөз айтпастыгын айтты.

Мамлекеттик архивге киргизилген Зарифтин журналист Саид Лейлаз менен 2021-жылы берген маеги ачыкка чыгып, 25-апрелде Лондондогу Иран International телеканалы тарабынан көрсөтүлгөн.

Жогоруда айтылган маекте Зариф Төңкөрүшчү сакчылар армиясын жана Кудс күчтөрүнүн мурдагы командири Касым Сүлейманини тышкы саясатка кийлигишип жатат деп айыптаган.

Маектеги Зарифтин билдирүүлөрү өлкөдөгү консервативисттик канаттын реакциясын жаратып, кызматтан кетүүгө үндөдү.



Тектеш кабарлар