Талибан АКШны эскертти

«Талибан» кыймылынын билдирүүсүндө, АКШ тарабынан келишимдин бузулушу Талибандын аракетине жол ачканы белгиленди.

1632275
Талибан АКШны эскертти

Талибан, 1-майга чейин Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетпей 2018-жылкы Доха келишимин бузгандыгы менен күнөөлөгөн Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) «каршы иш-аракет» болот деп эскертти.

«Талибан» кыймылынын билдирүүсүндө, АКШ тарабынан келишимдин бузулушу Талибандын аракетине жол ачканы белгиленди жана бул маселе боюнча Талибан лидерлеринин чечими күтүлүп жаткандыгы жана ошого жараша иш алып барары баса белгиленди.

Катардын борбору Дохада бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 2018-жылы Талибан менен АКШнын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, бардык чет элдик аскерлер 1-майга чейин Ооганстандан чыгып кетиши керек болчу.

АКШнын президенти Жо Байден Ооганстанда калган 2500 америкалык аскердин бардыгы 11-сентябрга чейин чыгып кетет деп жарыялаган.

Экинчи жагынан, Ооганстандын түштүгүндөгү АКШнын аскер базасы болгон Кандагар аэропортуна ракеталык чабуул жасалды.

АКШ аскерлеринин Ооганстандагы өкүлү Сони Леггеттин айтымында, кол салуудан эч ким жабыркаган жок.

Леггетт АКШнын аскерлери Кандагар аэропортундагы чабуулга жооп кайтаргандыгын жана алар ошол эле аэропортко учурууга даяр бир нече ракета снаряддары жок кылынганын билдирди.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Талибдер Кандагар аэропортуна апрель айында да кол салган.



Тектеш кабарлар