Россия Европа Биримдигинин 8 жаранына тыюу салды

ЕБ Россиянын бул чечимин "эң күчтүү түрдө" айыптады.

1631874
Россия Европа Биримдигинин 8 жаранына тыюу салды

Россия Европа Биримдигинин (ЕБ) 8 жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салды.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ЕБнин орус жарандарына жана уюмдарына карата бир тараптуу "мыйзамсыз" чектөөлөрдү колдонуу саясатын улантып жаткандыгы баса белгиленди.

Европа Биримдигинин март айында Россиянын 6 жаранына санкция киргизгени эске салынган билдирүүдө, буга жооп иретинде Европа Парламентинин төрагасы Дэвид Мария Сассоли жана ЕБ Комиссиясынын төрагасынын орун басары Вера Журова менен катар европалык 8 жетекчиге Россияга кирүүгө тыюу салынгандыгы айтылды.

ЕБ Россиянын бул чечимин "эң күчтүү түрдө" айыптады.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа Парламентинин төрагасы Дэвид Сассоли биргелешкен билдирүүсүндө, чечимдин эч кандай мыйзамдуу негизи жок, толугу менен негизсиз жана кабыл алынгыс экендигин баса белгилешти.



Тектеш кабарлар