Ооганстанда бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болду

Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарык Арйен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.00 чамасында Логардын борбору Пул-и Алем шаарында бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болгонун айтты.

1631790
Ооганстанда бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болду

Ооганстандын Логар провинциясында бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуудан алгачкы божомолдор боюнча 30 адам каза болду.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарык Арйен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.00 чамасында Логардын борбору Пул-и Алем шаарында бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болгонун айтты.

Логар провинциясынын Кеңешинин башчысы Хасибулла Станикзей кол салуу уруу башчысынын конок үйүнүн алдында жасалган деп билдирди.

Кол салууда кеминде 30 кишинин каза болгонун белгилеген Станикзей, 90дон ашуун адамдын да жаракат алгандыгын белгиледи.

Станикзей курман болгондор дагы көп болушу мүмкүн деп тынчсызданып жатканын айтты.

Жарылуудан улам айланадагы үйлөрдө жана жумуш орундарында олуттуу зыянга учуроо болду.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.



Тектеш кабарлар