Кытай Индияга колдоо көрсөтүүдө

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ванг Вынбин болсо Индияга жөнөтүлгөн 25 миң кычкылтек концентраторунун өлкөгө жеткенин билдирди.

1631806
Кытай Индияга колдоо көрсөтүүдө

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, коронавирустун (Ковид-19) учурларынын көбөйүшүнөн улам кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан Индияга колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын маалымдады.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Си Цзиньпин Индиянын премьер-министри Нерандра Модиге жөнөткөн билдирүүсүндө эпидемиядагы акыркы абалдын тынчсыздандыруу жараткандыгын айтты.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ванг Вынбин болсо Индияга жөнөтүлгөн 25 миң кычкылтек концентраторунун өлкөгө жеткенин билдирди.

Ванг 5 миң респиратор, 21 миң кычкылтек өндүрүүчү шайман, 15 миң көзөмөлдөөчү монитор жана 3,8 тонна медициналык буюмдар менен дары-дармектерден турган жардамдын да жолдо экендигин жарыялады.

Акыркы бир жуманын ичинде жуктургандардын саны 300 миңден ашкан Индия дүйнө жүзү боюнча бейтаптардын жана өлүмдөрдүн саны эң көп катталган өлкө болду.



Тектеш кабарлар