АКШнын жана НАТОнун аскерлери Афганистандан чыга баштады

АКШ жана НАТО союздаштары, 11-сентябрдагы кол салууга жооптуу деп эсептелген Аль-Каида уюмун жашырып жатат деген негизде 2001-жылдын 7-октябрында Афганистанга басып киришкен.

1631992
АКШнын жана НАТОнун аскерлери Афганистандан чыга баштады

АКШнын жана НАТОнун куралдуу күчтөрүнүн Афганистандан чыгып кетиши бүгүн расмий түрдө башталды.

Афганистандагы 2500-3000 деп болжолдонгон АКШ аскерлери жана НАТОнун 7000дей аскер кызматкерлери бүгүнтөн баштап акырындык менен өлкөдөн чыгып кетишет.

АКШнын президенти Жо Байден 15-апрелдеги билдирүүсүндө, аскерлерди чыгаруу процессинин 1-майда башталарын жана Афганистандын басылып алынышынын бир жылдыгы болгон 11-сентябрга чейин бардык аскердик күчтөрдүн чыгып кетерин жарыялаган болчу.

АКШ жана НАТО союздаштары, 11-сентябрдагы кол салууга жооптуу деп эсептелген Аль-Каида уюмун жашырып жана коргоп жатат деген негизде 2001-жылдын 7-октябрында Афганистанга басып киришкен.

АКШдагы Браун университети тарабынан жүргүзүлгөн "Согуштун чыгымдары" долбоорунун эсептөөлөрү боюнча, 20 жылга созулган согуш үчүн 2 триллион доллардан ашык каражат сарпталды.

АКШдан 2 миң 442 аскер курман болуп, 20 миң 666 адам жаракат алган согушта НАТОнун бир миң 144 кызматкери да каза болду.



Тектеш кабарлар