Тоо мөңгүлөрүнүн 10 пайызы жок болот
2021-2050-жылдар аралыгында орто эсеп менен 13200 километр куб сууга барабар муздун жок болушунун күтүлүп жаткандыгы билдирилди.
Глобалдык жылуулукка байланыштуу жакынкы 30 жылда бийиктиктеги мөңгүлөрдүн 10 пайызынын жок болуп кетери эскертилди.
«Guardian» гезитинин маалыматына караганда, Бремен университетинин илимпозу Бен Марзеон, жүргүзгөн мета изилдөөлөрүнүн негизинде глобалдык жылуулуктун тоо мөңгүлөрүнө таасиринин кайтарылгыс болгонун аныктады.
Марзеон дүйнө жүзү боюнча болжол менен 200 миң тоо мөңгүлөрүнүн эрүү тенденцияларын изилдеди.
100дөн ашык компьютердик моделдерден маалыматтарды топтогон Марзеон, 2021-2050-жылдар аралыгында орто эсеп менен 13200 километр куб сууга барабар муздун жок болушунун күтүлүп жаткандыгын билдирди.
Марзион, Париж Климат келишиминдеги жылуулукка байланыштуу көрсөткүчтөр аткарылган күндө дагы, тоо мөңгүлөрүнүн 10 пайызынын жок болушун артка кайтаруу мүмкүн эместигин баса белгиледи.
Көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча эң жакшы жана эң начар сценарийлерди салыштырган Марзеон, эки сценарийдин ортосундагы жоготуунун айырмасы 20 пайыздан аз болорун аныктады.