НАТО менен АКШ Афганистандан аскерлерин чыгара баштады

НАТО булактары НАТОнун союздаштарынын 1 -  майдан тарта Афганистандан чыгаруу тууралуу 14 -  апрелде чечим кабыл алгандыгын эске салып : «Аскерлерди чыгаруу башталды»,- деп билдирди.

1631046
НАТО менен АКШ Афганистандан аскерлерин чыгара баштады

НАТО жана АКШ Афганистандагы Чечкиндүү колдоо миссиясынын аскерлерин өлкөдөн чыгара баштады.

НАТО булактары НАТОнун союздаштарынын 1 -  майдан тарта Афганистандан чыгаруу тууралуу 14 -  апрелде чечим кабыл алгандыгын эске салып : «Аскерлерди чыгаруу башталды»,- деп билдирди. 

Аскерлерди чыгаруунун координациялуу бир процесс болорун белгилеген НАТО жетекчиси : «Аскерлерибиздин коопсуздугу ар бир баскычта алдыңкылыгыбыз болот. Аскерлерибизди коргоо үчүн керектүү бардык чараларды көрүүдөбүз»,- деди.

НАТОнун жетекчиси аскер саны жана кайсы өлкөнүн аскерлеринин качан чыгары тууралуу календарь белгилеген жок бирок чыгаруунун бир канча айдын ичинде аяктай тургандыгын айтты.

Жетекчи аскерлерди чыгаруу учурунда Талибан кол салуусу боло турган болсо «күч менен жооп кайтарыларын» баса белгиледи.

АКШ да Афганистандан аскерлерин чыгара баштады. Коргоо министрлиги Пентагондун жетекчиси : «Чыгаруу башталды. Албетте бул аскерлерди чыгаруунун биринчи баскычы. Азырынча көп аскер жана каражаттар чыга элек бирок башталды»,- деди.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг мүчө коргоо жана тышкы иштер министрлеринин 14 -  апрелде өткөргөн жыйынынан кийин Афганистандан 1 -  майдан тарта аскерлердин чыгышы тууралуу бирдей көз карашта экендерин айткан. Афганистанда 10 000ге жакын НАТО аскери бар.

АКШнын президенти Жо Байден Афганистанда саны 2500гө жакын болгон Америка аскерлеринин 1 -  майдан тарта чыга баштай тургандыгын жана 11 -  сентябрга чейин чыгып бүтөрүн билдирген.

АКШлык жетекчилер өткөн жумада аскердик каражаттарды өлкөдөн чыгара башташкандарын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар