Татар менен Чавушоглу Женевада биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Кипр боюнча 5 + 1 форматындагы расмий эмес конференция болду.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар: «Тең укуктуулукка негизделген бирдей статус таанылбастан мурунку шарттарда үстөлгө отуруу жана расмий сүйлөшүүлөрдү баштоонун эч кандай мааниси жок»,- деди.
Татар менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги астында Кипрдик тараптар жана кепил өлкөлөр Түркия, Греция, Британиянын катышуусунда Кипр боюнча 5 + 1 форматындагы расмий эмес конференциядан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.
Татар, бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Рум тарабынын максаты - Кипр Республикасын улантуу жана конституциялык өзгөртүү менен Кипр түрктөрүн буга жамаачы кылуу. Тең укуктуулукка негизделген бирдей статус таанылбастан мурунку шарттарда үстөлгө отуруу жана расмий сүйлөшүүлөрдү баштоонун эч кандай мааниси жок»,- деди.
Чавушоглу болсо: «Биз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендик теңчиликке негизделген эки мамлекеттүү чечим сунушун кызуу колдой беребиз»,- деп айтты.
Рум лидери Никос Анастасиадистин жыйынга жаңы көз-караш алып келе албаганына көңүл бурган Чавушоглу: «Ал илгерки сөздөрүн кайра кайталады. Биз Түндүк Кипрдин көз карандысыздыгын, суверендүүлүгүн жана тең укуктуулугун колдойбуз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.