Россия: «АКШ Эрдогандын Түркияны алдыга сүрөөсүнөн тынчсызданууда»

Түркия-АКШ карым-катнаштарына токтолгон Песков, Түркиянын өзүнө ишенген өлкө экендигине жана президент Эрдоган Түркияны алдыга сүрөп жатканына көңүл бурду.

1630991
Россия: «АКШ Эрдогандын Түркияны алдыга сүрөөсүнөн тынчсызданууда»

Россиянын Президенттик Сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркияны алдыга сүрөөсү Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясында ыңгайсыздык жараткандыгын айтты.

Түркия-АКШ карым-катнаштарына токтолгон Песков, Түркиянын өзүнө ишенген өлкө экендигине жана президент Эрдоган Түркияны алдыга сүрөп жатканына көңүл бурду.

АКШнын администрациясы бул кырдаалдан тынчсызданып жаткандыгын билдирген Кремлдин өкүлү Орусиядан С-400 абадан коргонуу тутумун сатып алуу менен бул тынчсыздануу кысымга айланганын баса белгилеп, «Вашингтон кыйла ийкемдүү Анкара менен иштөөнү туура көрөт»,-деди.

Песков АКШнын президенти Жо Байдендин армян окуяларына байланыштуу «геноцид» терминин колдонуусуна да токтолду.

Песков билдирүү тарыхты терең түшүнүүгө умтулуу менен байланыштуу эмес, бул АКШнын саясатынын бир бөлүмү экендигин билдирди.



Тектеш кабарлар