Кытайга таандык учак конуучу кемеси Япониянын түштүгүндөгү аралдардын ортосунан өттү

Бул маалыматты Япониянын NHK коомдук телерадиокорпорациясы Коргоо министрлигинин маалымат булактарына таянып билдирди.

1630688
Кытайга таандык учак конуучу кемеси Япониянын түштүгүндөгү аралдардын ортосунан өттү

 

Кытайдын «Ляонин» аттуу учак конуучу кемеси Япониянын түштүгүндөгү Окинава провинциясы менен Миякодзима аралынын ортосунан өттү.

Жапониянын NHK коомдук телерадиокорпорациясынын Коргоо министрлигинин маалымат булактарына таянып билдиргенине караганда, Ляонин Япониянын түштүгүндөгү Окинавага жакын жерде 5 кеме менен кошо сүзүп кетти.

Аскер-Деңиз Коргоо күчтөрүнүн (MSDF) билдирүүсүнө каранда түштүктөгү Окинава провинциясы менен Миякожима аралынын ортосунан өткөн Ляонин түндүккө карай жылып барып Чыгыш Кытай деңизине кирди.

 Аскер флотунун жүрүшү боюнча Япониянын территориялык сууларын бузган жок.

1-февралда Кытайда күчүнө кирген мыйзам өзүнүн жээк күзөтчүсүнө эрежелерге туура келбеген чет элдик кемелерге каршы курал колдонууга укук берет.

Киодо агенттиги бул мыйзам Кытайга Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу Сенкаку аралдарынын айланасында сүзүп жүргөн жапон кемелерин бутага алууга укук берет деп билдирди.

Япония «Сенкаку», Кытай «Дяоюйу» деп атаган Чыгыш Кытай деңизиндеги архипелаг 5 арал жана 3 аскадан турат.



Тектеш кабарлар