Кытайда айдоочусуз дрон такси 2 жүргүнчү менен учту

Жүргүнчүлөр көздөгөн жерине баруу үчүн кнопканы гана басышы керек.

1630717
Кытайда айдоочусуз дрон такси 2 жүргүнчү менен учту

Кытайлык компания чыгарган айдоочусуз дрон такси 2 жүргүнчү менен учту.

Sputnik агенттигинин кабарына караганда, Кытайдын Фудзянь провинциясынын борбору Фучжоудо Төртүнчү санариптик Кытай саммитинде айдоочусуз дрон таксилер таанытылды.

Адамдарды ташууга болгон мега дрондорду чыгарган кытайлык Ehang компаниясы тарабынан иштелип чыккан автономдуу дрон 2 жүргүнчү менен учту.

Дрон таксилер жерди башкаруу борбору менен байланышуу үчүн 4G жана 5G технологияларын колдонушат, мында жүргүнчүлөр көздөгөн жерине баруу үчүн кнопканы гана басышы керек.

Дрон таксилер коопсуз жана экологиялык жактан таза экендиги менен айырмаланып турат.



Тектеш кабарлар