Байден Конгресстеги алгачкы кайрылуусун жасады

Байден 2021-жылдын 20-январынан бери биринчи жолу Конгресстин биргелешкен жыйынында Сенаттын жана Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнө кайрылды.

1630739
Байден Конгресстеги алгачкы кайрылуусун жасады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байден Конгресстеги биринчи сөзүндө өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын деталдарын түшүндүрдү.

Байден 2021-жылдын 20-январынан бери биринчи жолу Конгресстин биргелешкен жыйынында Сенаттын жана Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнө кайрылды.

Байден учурда алар кылымдын эң жаман эпидемиясы болгон жаңы түрдөгү коронавирустан улам (Ковид-19) жана Чоң депрессиядан (1929 Дүйнөлүк экономикалык депрессия) бери болгон эң оор экономикалык кризиске туш болушканын айтты.

Байден алар эмдөө үчүн өлкөнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялай тургандарын баса белгиледи.

Тышкы саясат жаатында да маанилүү убадаларды беришкенин белгилеген Байден, «Мен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө ага биз атаандаштыкты кубаттайбыз жана чыр-чатак издеп жаткан жокпуз деп айттым»,-деди.

Байден Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө алар жаңжалды каалабагандыктарын, бирок алардын иш-аракеттеринин натыйжасы болорун айтып, «Биз Орусиянын шайлоолорубузга кийлигишүүсүнө, өкмөтүбүздүн жана ишкерлерибиздин кибер чабуулуна пропорционалдуу жоопторду бердик. Бирок биз жалпы кызыкчылыктар жөнүндө сөз болгондо алар менен кызматташабыз. Путин биз керектүү жоопторду берээрибизди абдан жакшы түшүндү»,-деп айтты.

Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программалары дүйнө жүзү үчүн олуттуу коркунуч экендигин баса белгилеген Байден: «Биз бул өлкөлөр тарабынан келтирилген коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн, союздаштарыбыз менен тыгыз кызматташып, дипломатия жана абсолюттук чечкиндүүлүк менен иш алып барабыз»,-деди.

Байден Ооганстандагы жоокерлер үчүн «үйгө кайтууга кез келди» деген билдирүү жасады.

«Бүгүнкү күндө биздин мекенибизге эң чоң террордук коркунуч - бул ак расизм»,деген Байдан: «Ак расизм - бул терроризм жана биз аны көрмөксөнгө сала албайбыз»,- деди.

Байден, өлкөдөгү курал-жарак сатуудагы укуктук боштуктарды жоюуга аракет кылаарын билдирди.

Иммиграция маселесинде болсо Байден:«30 жылдан ашуун убакыттан бери саясатчылар иммиграциялык реформа жөнүндө айтып келишкен, бирок эч нерсе жасалган эмес. Эми ошону оңдой турган кез келди»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар