Сириянын түндүгүндөгү Жараблуста бомбалуу кол салуу болду

Кол салууда 20 жаран жаракат алып, 1 бала каза болду.

1629729
Сириянын түндүгүндөгү Жараблуста бомбалуу кол салуу болду

Сириянын түндүгүндөгү Жараблус районунда эки башка жерде бир убакта болгон  террордук бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 20 жаран жаракат алып, 1 бала каза болду.

«Евфрат калканы» операциясы менен террордон тазаланган Жараблустун борборунда бир мотоцикл жана бир жарандык унаага жайгаштырылган бомбалар бир убакта жардырылды.

Кол салууларда алгачкы белгилөөлөргө караганда 20 жаран жаракат алып, 1 бала каза болду. Жаракат алгандар Жараблустагы ооруканаларга жеткирилди.

Каза болгон жана жаралуулардын санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулар болууда.

Окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөн жергиликтүү коопсуздук күчтөрү кол салууну террордук уюм ЙПГ/ПККнын жасоо ыктымалына токтолушууда.



Тектеш кабарлар