Мьянмада кагылышуу чыкты

Кагылышууда кеминде 10 аскер өлтүрүлдү.

1629669
Мьянмада кагылышуу чыкты

Мьянманын Бангладеш чек арасындагы Чин штатында козголоңго каршы  этникалык куралдуу топ менен Мьянма армиясынын ортосунда кагылышуу чыгып, Мьянма армиясынан кеминде 10 аскер өлтүрүлдү.

1 -  февралдагы аскердик төңкөрүштөн кийин митингге чыккандарды Мьянма армиясына каршы коргоо үчүн түзүлгөн Chinland коргоо бөлүктөрү CDFнын бир башкаруучусу штатка караштуу Миндат шаарында кечээ болгон кагылышууларга байланыштуу The Irrawaddyге маалымат берди.

CDFнын башкаруучусу кечээ кечки сааттарда шаардын тоолуу аймактарында армиянын конвоюнда жүргүзүлгөн тинтүүдө кеминде 10 аскердин өлтүрүлгөндүгүн жана кагылышуулардын күн боюу улантылгандыгын билдирди.

Армиянын бүгүн таңга жуук каршы кол салууга өткөнүн айткан жетекчи : «Минометтор жана РПГлер менен каршылык көрсөтүштү. Катуу бомбалашты»,- деди.



Тектеш кабарлар