Ханзаада Салман: «Иран менен жакшы мамилелерди түзүүнү каалайбыз»

Мураскор ханзаада Салман Сауд Аравиясынын расмий телеканалына маек куруп берди.

1629917
Ханзаада Салман: «Иран менен жакшы мамилелерди түзүүнү каалайбыз»

Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Иран менен өзгөчө жана жакшы мамилелерде болууну каалагандарын билдирди.

Мураскор ханзаада Салман Сауд Аравиясынын расмий телеканалына берген маегинде: «Иран коңшу мамлекет жана биз аны менен жакшы жана өзгөчө мамилелерди түзүүнү каалайбыз»,- деди.

Салман: «Биз Ирандын гүлдөп-өсүшүн жана ортобузда өз ара кызыкчылыктардын болушун каалайбыз» деп айткандан кийин «Бирок аны менен болгон терс көйгөйүбүз, өзөктүк программасы же айрым аймактык өлкөлөрдө мыйзамсыз куралдуу топторду колдоосу жана баллистикалык ракета программасы сыяктуу маселелердеги терс жүрүм-турумунан келип чыгууда», деп билдирди.

Бул көйгөйлөрдү чечүүдө өнөктөштөрү менен биргеликте иш алып барышкандарын айткан Салман, маселелерди жеңип баардыгы менен оң жана жакшы мамилелерди түзүүнү каалагандарын айтты.



Тектеш кабарлар