Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф Барзани менен жолугушту

Жолугушууда эки тараптуу карым – катнаштар менен аймакта тынчтык жана туруктуулуктун түзүлүшүнүн мааниси баса белгиленди.

1629789
Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф Барзани менен жолугушту

 Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Ирактын борбор шаары Багдаттагы жолугушууларынан кийин Эрбилге барып Ирак күрт аймактык башкаруусунун премьер  - министри  Месрур Барзани менен жолугушту.

Барзани твиттерден берген билдирүүсүндө тышкы иштер министри Зариф менен Эрбилде кайрадан жолугушуудан кубанычтуу экендигин айтты.

Жолугушууда эки тараптуу карым – катнаштар менен аймакта тынчтык жана туруктуулуктун түзүлүшүнүн мааниси баса белгиленип, тараптардын дагы жакын соода жана инвестиция байланыштарын өнүктүрүүнү да карап чыгышкандары билдирилди.

Зариф Эрбилдеги жолугушуулары учурунда Ирак күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Нечирван Барзани менен бирге  Ирак күрт аймактык башкаруусунун мурунку төрагасы Месут Барзани менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар