Ingenuity тарткан фотосүрөттөр Жерге жетти
Ingenuity жерден 5,2 метр бийиктикте учуп, түстүү камерасы менен алгачкы фосүрөттөрдү тарткандыгы маалымдалды.
Американын Авиация жана космос агенттигинин (НАСА) чалгындоо аппараты Perseverance менен Марска жөнөткөн Ingenuity мини тик учагы тарткан алгачкы фотосүрөттөр Жерге жетти.
НАСАнын веб-сайтындагы билдирүүдө, Ingenuityнин 22-апрелдеги экинчи учуусунда тарткан, Марстын үстүңкү бетин чагылдырган 2 түстүү фотосүрөт бөлүшүлдү.
1,8 килограмм салмактагы Ingenuity жерден 5,2 метр бийиктикте 80 секунда учуп, түстүү камерасы менен алгачкы фосүрөттөрдү тарткандыгы маалымдалды.
Ingenuity 19-апрелде ишке ашырган бир мүнөттүк алгачкы ийгиликтүү учушу менен "башка планетага учкан биринчи аппарат" катары тарыхта калды.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 34 миң 12ге жетти
Израилдин Газа тилкесине 196 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.