Россия украиналык дипломатты «кааланбаган киши» деп жарыялады

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги маалымат бөлүштү.

1629012
Россия украиналык дипломатты  «кааланбаган киши» деп жарыялады

Россия өз ара мамиленин натыйжасында Украинанын Москвадагы элчилигинде иштеген дипломатты депортациялоону чечти.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө, 19-апрелде украин тараптын орусиялык дипломатты «кааланбаган киши» деп жарыялаган «достукка жатпаган» аракеттерине байланыштуу, өз ара мамиленин талабы боюнча украиналык дипломаттын «кааланбаган киши» деп жарыяланганы бөлүшүлгөн.

Украиналык дипломаттын 30-апрелге чейин Орусиядан чыгып кетүүсүн сурангандыгы жазылган билдирүүдө, эгер украин тарап орус дипломаттарына каршы «кастык мамилесин уланта берсе», анда Орусиядагы украин дипломаттарына кошумча чаралар көрүлөрү айтылган.



Тектеш кабарлар