Пентагон Байдендин сыпаттоосунун Түркия менен аскердик кызматташтыкка таасир этпей турганын билдирди

Маалымат катчысы Жон Кирби күнүмдүк пресс-конференцияда суроолорго жооп берди.

1628842
Пентагон Байдендин сыпаттоосунун Түркия менен аскердик кызматташтыкка таасир этпей турганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин (Пентагон) өкүлү Жон Кирби, Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды түшүндүргөн билдирүүсүнүн, Түркия менен аскердик мамилелерге таасир этишин күтпөгөндөрүн айтты.

Маалымат катчысы Жон Кирби күнүмдүк пресс-конференцияда суроолорго жооп берди.

Кирби президент Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп сыпаттоосу эки өлкөнүн ортосундагы аскердик мамилелерге таасир этеби деген суроого, «Жок, биз Түркия менен болгон аскердик мамилелерибизде өзгөрүү болот деп күтпөйбүз. Түркия НАТОнун союздашы жана ал маанилүү союздаш болуп саналат. Ар кандай чөйрөлөрдө жана темаларда бул мамилелерди жүргүзүүнү жана бул мамилени өнүктүрүүнү улантабыз. Президенттин бул сыпаттоосунун буга  кандайдыр бир деңгээлде таасири болот деп күтпөйбүз»,-деп жооп берди.

Кирби Байдендин билдирүүсүнүн натыйжасында алардын Сириядагы иш-аракеттеринде дагы эч кандай өзгөрүү болбой тургандыгын жана бул өлкөдөгү аз сандагы аскердин максаты террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү экендигин айтты.



Тектеш кабарлар