Малайзия Индия менен саякаттарды токтотууну чечти
Коргоо министри Исмаил Сабри Якуб Индияда чыккан жана "кош мутант" варианты деп аныкталган B.1.617 вариантына карата Малайзиянын көргөн чараларын жарыялады.
1629266
Малайзия Индияда пайда болгон Ковид-19дун жаңы түрүн өлкө аймагына киргизбөө үчүн өз ара аба каттамын токтотууну чечти.
Коргоо министри Исмаил Сабри Якуб Индияда чыккан жана "кош мутант" варианты деп аныкталган B.1.617 вариантына карата Малайзиянын көргөн чараларын жарыялады.
Индия менен Малайзиянын ортосундагы түз же транзиттик аба каттамынын эртеңден баштап бир нече убакытка токтой тургандыгын билдирген министр Исмаил : "Малайзияда иштөөгө жана жашоого уруксаты бар Индия жарандарынын кирүүсүнө да тыюу салынат", - деп билдирди.
Исмаил Индиядан Малайзияга жүк ташуунун дагы бир канча убакытка токтой тургандыгын баса белгиледи.