Япония жана Индия жакын кызматташуу боюнча меморандумун түздү

Япония менен Индия «Эркин жана ачык Инд  -  Тынч океан» көз карашынын турмушка ашырылышы үчүн жакын кызматташуу боюнча макулдашышты.

1629101
Япония жана Индия жакын кызматташуу боюнча  меморандумун түздү

 Япония менен Индия «Эркин жана ачык Инд  -  Тынч океан» көз карашынын турмушка ашырылышы үчүн жакын кызматташуу боюнча макулдашышты.

Индиялык кесиптеши Нарендра Муди менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Япониянын премьер  - министри Суга Йошихиде эки тараптуу карым  - катнаштар,  Инд  -  Тынч океан аймагы жана эпидемиологиялык оорулар менен күрөшүү тууралуу сүйлөштү.

Суга Чыгыш Кытай деңизи жана Түштүк Кытай деңизиндеги статус-квону Кытайдын бир тараптуу өзгөртүү аракеттери менен 1 -  февралда Кытайда ишке кирген мыйзамга карата тынчсызданууларын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда сүйлөшүүдө эки лидер АКШ жана Австралия менен «Эркин жана ачык Инд  -  Тынч океан» көз карашынын ишке ашырылышы боюнча меморандум түзүлдү.

Япониянын фонд жана технология колдоосу менен Индияда курула турган 500 километрдик ылдамдыктагы поезд жолунун долбоор баскычындагы жылышты карап чыккан лидерлер Ковид  - 19  менен күрөшүүдөгү кызматташууга басым жасашты.



Тектеш кабарлар