АКШ тыңчы спутнигин космоско учурду

Учуруу  интернеттен түз эфирде көрсөтүлүп,  ракетанын экинчи баскычынын учурулушу жана  спутникти жашырган калкандын ачылышынан кийин «жашыруундук» негизи менен түз эфир токтоду.

1629224
АКШ тыңчы спутнигин космоско учурду

АКШ "NROL-82" тыңчы спутнигин космоско учурду.

Функциясы жашыруун сакталган спутник, Калифорния штатындагы Ванденберг авиабазасынан Локхид Мартин жана Боинг компанияларынын шериктештиги United Launch Alliance тарабынан чыгарылган "Delta 4 Heavy" тибиндеги оор жүк ташуучу ракета менен учурулду.

Учуруу  интернеттен түз эфирде көрсөтүлүп,  ракетанын экинчи баскычынын учурулушу жана  спутникти жашырган калкандын ачылышынан кийин «жашыруундук» негизи менен түз эфир токтоду.

АКШда чалгындоо спутниктерин иштеп чыгуу, өндүрүү, учуруу жана иштетүү үчүн жооптуу чалгындоо агенттиги  Улуттук чалгындоо бюросуна таандык   спутниктин кандай иш үчүн колдонулары белгисиз.



Тектеш кабарлар