Зеленский Донбасстын Чернобылга айланышын каалабаганын билдирди

Украинанын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Зеленский Чернобыль апаатынын 35 жылдыгына арналган эскерүүгө катышкан.

1628725
Зеленский Донбасстын Чернобылга айланышын каалабаганын билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донбасстын Чернобылдагы трагедия сыяктуу жашоосу жок «тыюу салынган зонага» айланып кетишин каалабай тургандыгын билдирди.

Украинанын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Зеленский Чернобыль апаатынын 35 жылдыгына арналган эскерүүгө катышкан.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Зеленский келечекте ушул сыяктуу кырсыктардын алдын алуу үчүн Чернобыль тарыхын билим берүү жана илим программасына кошуу керектигин айтты.

Кырсык болгондо радиоактивдүү булуттун Украинага, Беларуссияга, Россияга жана көптөгөн өлкөлөргө жеткенин эске салган Зеленский, аймактын эвакуацияланышына 600 миң адам катышкандыгын жана жандарын аябастан кырсыктын күчөшүнө бөгөт коюшкандыгына көңүл бурду.

Чернобылдагы трагедиянын кесепеттери айдан ачык экендигин жана алар жашоо жок «тыюу салынган зона» деген терминди колдонуп жаткандыгын белгилеген Зеленский: «Мен Донбасста дагы ошондой трагедиянын болушун каалабайм. Мен Донбасстын «тыюу салынган аймакка» айланып кетишин каалабайм. Эч ким убакытты артка кайтарып, Чернобыль апаатынын алдын ала албайт, бирок биз ушундай трагедиянын оккупацияланган Донбасста болуп кетишине жол бербөө үчүн дагы деле болсо колдон келгендин бардыгын жасай алабыз»,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар