Иракта Ковид-19 ооруканасында өрт чыкты

Ирактын борбору Багдад шаарында жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) бейтаптары жаткан ооруканада чыккан өрттөн кеминде 35-40 адам каза болду.

1627781
Иракта Ковид-19 ооруканасында өрт чыкты

Ирактын борбору Багдад шаарында жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) бейтаптары жаткан ооруканада чыккан өрттөн 82 адам каза болду.

Ирактын Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын мүчөсү (көзкарандысыз) Али Бейати өз билдирүүсүндө белгисиз себептерден улам Ибн аль-Хатип ооруканасында чыккан өрттүн кесепетинен көптөгөн бейтаптардын өмүрү кыйылгандыгын айткан.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө өрттүн себебеинен каза болгондордун саны 82ге жеткени жарыяланды.

Көптөгөн тез жардам унаалары жөнөтүлгөн ооруканада чыккан өрттү тегеректеги райондордон ондогон жарандардын жардамы менен өчүрүшкөн.

Өрттө каза болгондордун жана жаракат алгандардын сөөгү борбордогу башка ооруканаларга жеткирилди.

Өрт кычкылтек цилиндринин жарылуусунун натыйжасында болгон деп айтылууда.

Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казими өзүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө окуяны айыптап, ооруканада өрттүн келип чыгуу себептерин иликтөө үчүн тергөө жүргүзүүгө буйрук бергендигин билдирди.

Ирактын Саламаттык сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги бул маселе боюнча эч кандай билдирүү жасай элек болсо, социалдык тармактарда «Саламаттыкты сактоо министри Хасан Темимини кызматтан кетирүү» сыяктуу каршы чыгуулар айтылды.


Этикеткалар: #Багдад шаарында

Тектеш кабарлар