Индонезияда жоголгон суу астынан сүзүүчү кеменин кыйрандысы табылды

Channel News Asia каналынын жаңылыктарына караганда, Аскер-Деңиз күчтөрүнүн командири Юдо Маргоно маалымат жыйынында KRI Nanggala-402 кемесине таандык экендиги белгиленген сыныктардын Бали аралынын жанында суу астында табылганын билдирди.

1628020
Индонезияда жоголгон суу астынан сүзүүчү кеменин кыйрандысы табылды

21-апрелде Индонезияда жоголуп, 53 экипажынын өмүрүн алган суу астында сүзүүчү кеменин калдыктары табылды.

Channel News Asia каналынын жаңылыктарына караганда, Аскер-Деңиз күчтөрүнүн командири Юдо Маргоно маалымат жыйынында KRI Nanggala-402 кемесине таандык экендиги белгиленген сыныктардын Бали аралынын жанында суу астында табылганын билдирди.

Маргоно чөгүп бараткан кеме үч бөлүккө бөлүнүп кеткенин маалымдады.

Аскер кызматкерлери суу алдында жүрүүчү кеменин кычкылтек запасы бүгүн эртең менен түгөнгөнүн жарыялашты жана суу алдында жүрүүчү кеменин экипаж мүчөлөрүнүн тирүү экендигинен үмүттөрү үзүлдү.

21-апрелде суу астында жүрүүчү KRI Nanggala-402 кемеси менен байланыш үзүлгөн.

Суу астында жүрүүчү кеме Бали аралынан 95 чакырым түндүктө жоголгону жарыяланды.

Индонезиянын деңиз флоту жоголгон суу алдында жүрүүчү кемени издөө үчүн 6 аскер кемесин, 1 тик учакты жана 400 кызматкерди аймакка жөнөттү.

Жоголуп кеткен кеме сууга кирген жерге жакын жерде май төгүлгөнү аныкталды.



Тектеш кабарлар