Япония коронавирусту дарылоодо "Барицитиниб" дарысын колдонууга уруксат берди

Америкалык Эли Лили чыгарган ревматикалык артрит "Барицитиниб" дарысы министрликтин алдындагы эксперттик ден соолук комитети тарабынан жактырылган.

1627324
Япония коронавирусту дарылоодо "Барицитиниб" дарысын колдонууга уруксат берди

Япониянын саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин эксперттик делегациясы Ковид-19ду дарылоодо ревматоиддик артриттин "Барицитиниб" дарысын колдонууга уруксат берди.

Киодо агенттигнин кабарына караганда америкалык Эли Лили чыгарган ревматикалык артрит "Барицитиниб" дарысы министрликтин алдындагы эксперттик ден соолук комитети тарабынан жактырылган.

Компания дарынын бекитилиши үчүн декабрь айында министрликке кайрылган. Министрликтин бир айдын ичинде дарынын колдонулушун расмий түрдө бектиши күтүлүүдө.

"Барицитиниб" АКШда кычкылтекке муктаж болгон Ковид  - 19  бейтаптарынын дарыланышында анти  - вирустук "Ремдесивир" дарысына кошумча катары колдонулушу кабыл алынган.

Япония өкмөтү Ковид  - 19ду дарылоодо ушул кезге чейин "Ремдесивир" жана «стероид дексаметазон» дарыларын жактырган.



Тектеш кабарлар