Чаддын президентинин сөөгү жерге берилди

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты катуу коопсуздук чаралары астында өттү.

1627285
Чаддын президентинин сөөгү жерге берилди

Чадда фронттогу кагылышууда каза болгон президент Идрис Деби Итнонун сөөгү расмий азем менен жерге берилди.

Борбор шаар Нжаменада президент Итно үчүн Африка, Жакынкы Чыгыш жана Европанын көптөгөн лидерлеринин, элчилеринин, өкмөттүк жана аскердик кызматкерлеринин катышуусунда акыркы сапарга узатуу зыйнаты катуу коопсуздук чаралары астында өттү.

Аземде Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Африка Биримдигинин кезектешкен төрагасы жана Конго Демократиялык Республикасынын Президенти Феликс Тшисекеди, Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелль менен Итнонун жубайы Хинда Деби сөз сүйлөштү.

Тшисекеди: «Африка Биримдиги шериктешин жоготту. Итнонун кетиши Чад эли менен Африканын башын бириктириши керек. Биз Чадда конституцияга ылайык тынчтыкчыл, камтуучу жана демократиялык өткөөлгө чакырабыз», деди.

Франциянын президенти Макрон дагы өлкөсүнүн эч кимдин Чаддын стабилдүүлүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтиришине жол бербей турганын айтып, тилектештик жана колдоо билдирүүсүн кайталады.

Итнонун сөөгү жума намазынан кийин жерге берилди.



Тектеш кабарлар