Аскердик тик учак үйдүн үстүнө кулады

Машыгуу үчүн колдонулган аскердик тик учак менен байланыш Харареден учуп чыккандан көп өтпөй үзүлүп калган.

1627274
Аскердик тик учак үйдүн үстүнө кулады

Зимбабвенин борбор шаары Харареде машыгуу үчүн колдонулган аскердик тик учактын бир үйдүн үстүнө кулап кетишинин себебинен бирөөсү бала 4 адам каза тапты.

Машыгуу үчүн колдонулган аскердик тик учак менен байланыш Харареден учуп чыккандан көп өтпөй үзүлүп калган.

Тик учактын Хараренин Арктурус районундагы бир үйгө кулап кетишинин натыйжасында ичиндеги экипаж, 2 техник жана бир бала каза болду.

Зимбабвенин аба күчтөрү, тик учактарынын жана согуштук учактарынын эски экенине нааразы бирок батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан улам жаңыларын ала албай жатат.



Тектеш кабарлар