Иран суу сактагычтардын коопсуздугун Азербайжанга өткөрүп берди

Карабахтын окуупацияланышынан кийин Арас дарыясындагы эки суу сактагычтын коопсуздугу 2004 -  жылдан бери Иран тарабынан камсыздалып жаткан.

1627039
Иран суу сактагычтардын коопсуздугун Азербайжанга өткөрүп берди

Азербайжан менен Ирандын  чек арасындагы суу сактагычтардын түндүк жагынын коопсуздугу Азербайжанга өттү.

Азербайжан Арас дарыясындагы Хүдаферин жана Кызкалеси суу сактагычтарынын түндүк чек арасынын коопсуздугун кайрадан колго алды.

Ирандын чек ара колициясынын командиринин орун басары, генерал Желал Сетаре менен Азербайжандын кургактык чек араларынын командири Араз Мухаммедов Хүдаферин чек ара айылында жолугушту. Жолугушууда жалпы колдонулган суу сактагычтардын түндүк бөлүгүнүн коопсуздугу 17 жылдан кийин  Азербайжанга өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.   

Ирандык жетекчи : «Азербайжан республикасынын аймактагы толук эгемендүүлүгү менен түндүк аймагындагы суу сактагычтардын коопсуздугу Азербайжан республикасына тапшырылды»,- деди.

Карабахтын окуупацияланышынан кийин Арас дарыясындагы эки суу сактагычтын коопсуздугу 2004 -  жылдан бери Иран тарабынан камсыздалып жаткан.



Тектеш кабарлар