Пакистанда үрөйдү учурган жарылуу болду

Пакистандын Белужистан провинциясынын Кетта шаарындагы мейманкананын унаа токтоочу жайында болгон жарылуудан төрт адам, анын ичинде полиция кызматкери каза болду.

1626450
Пакистанда үрөйдү учурган жарылуу болду

Пакистандын Белужистан провинциясынын Кетта шаарындагы мейманкананын унаа токтоочу жайында болгон жарылуудан төрт адам, анын ичинде полиция кызматкери каза болуп, 12 адам жаракат алды.

Полиция кызматкерлери алдын-ала иликтөөлөргө ылайык, жарылуунун булагы бомба жүктөлгөн унаа болгон деп билдиришти.

Бийлик бул окуя боюнча тергөө иштери уланып жаткандыгын белгиледи.

Жарылуудан улам унаа токтотуучу жайдагы унаалар жабыркаса, мейманканага дагы зыян келтирилген.

Ал арада Пакистандын ички иштер министри Шейх Рашид Ахмед Кытайдын Исламабаддагы элчиси Нонг Ронг жана кытай дипломаттары мейманканада турушканын, бирок жарылуу учурунда мейманканада болбогонун билдирди.

Ахмед кол салууну айыптап, Пакистандын душмандары тынчтык жана гүлдөп жаткан Пакистанды көргүсү келбейт деп билдирди.

Белужистан провинциясынын басма сөз катчысы Лиякат Шехвани бул террордук акт деп билдирип, «Бүгүн болгон кол салуунун артында Пакистандын душмандары турат»,- деди.

Бир тараптан Рамазан айына жардам берүү иш-чаралары үчүн Түркиянын Диний фондунун (TDV) делегациясы менен аларды коштогон Анадолу Агенттигинин (AA) кабарчысы мейманканада болгон.

Жарылуу учурунда өз бөлмөлөрүндө болгон TDV делегациясы окуядан аман-эсен калышты.

Ошол учурда мейманкананын ложасында турган ААнын кабарчысы Режеп Билек колуна тийген айнектин сыныктарынан жеңил жаракат алган.



Тектеш кабарлар