Орусиянын деңиз флоту Керчь кысыгына жакын жерде машыгуу өткөрүүдө

Машыгуунун негизги баскычынын ишке ашып жаткандыгы жана Орусиянын деңиз флотуна таандык кемелердин сүзүп кеткендиги маалымдалды.

1626268
Орусиянын деңиз флоту Керчь кысыгына жакын жерде машыгуу өткөрүүдө

Орусиянын деңиз флоту Керчь кысыгына жакын жерде машыгууларды өткөрүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Түштүк аскердик аймактын бөлүктөрү жана десанттык аскерлер тарабынан өткөрүлгөн аскердик машыгуу, Крымдагы Керчь кысыгынын кире беришине жакын аймакта жайгашкан Опук полигонунда башталды.

Машыгуунун негизги баскычынын ишке ашып жаткандыгы жана Орусиянын деңиз флотуна таандык кемелердин сүзүп кеткендиги маалымдалды.

Билдирүүдө: «Машыгуудагы бөлүктөрдүн аракеттерине жалпы аскерлер, аба жана космос күчтөрү, абадан коргонуу тутумдары, аскердик кемелер, Кара деңиз флотунун айрым жээк бөлүктөрү, Каспий деңиз флотунун айрым бөлүктөрү жана аба-десант аскерлери катышууда» деп кабарланды.



Тектеш кабарлар