Европа жасалма интеллектти чектейт

ЕБ Комиссиясынын төрагасынын орун басары Маргрет Вестагер: «Биздин максат - ишенимдүү жана адамдарга багытталган технологияларды өндүрүү», - деди.

1625744
Европа жасалма интеллектти чектейт

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы жасалма интеллект боюнча глобалдык стандарттардын түзүлүүсү үчүн мыйзамдуу түзөтүүлөрдү киргизүүдө.

Комиссиянын сунушуна ылайык, бетти таануу бир гана дайынсыз жоголгон балдарды, кылмышкерлерди издөөдө жана террордук актыларды иликтөөдө колдонула алат.

Зарыл шарттарга жооп бербеген тиркемелердин жана өнүмдөрдүн сатылышына тыюу салынат.

Мыйзам бузулган учурда компанияларга жүгүртүүнүн 6 пайызына чейин айып салынат.

ЕБ Комиссиясынын төрагасынын орун басары Маргрет Вестагер: «Биздин максат - ишенимдүү жана адамдарга багытталган технологияларды өндүрүү», - деди.

Жобонун күчүнө кириши үчүн Европа Кеңеши менен Европа Парламенти да бекитиши керек.



Тектеш кабарлар